Казакстандагы митингдер. Токаев эскертүүсүз ок чыгарууга буйрук берди

Бүгүн, 7-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эскертүүсүз ок чыгарууга буйрук берди. Ал бул тууралуу элге кайрылуусунда билдирди.

«Мен эскертүүсүз ок чыгарууга буйрук бердим. Кылмышкерлер жана киши өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Бул акылсыздык. Бизге даярдыктан өткөн бандиттер жана террорчуларга каршы күрөшүүгө туура келип жатат. Ошондуктан, аларды жок кылышыбыз керек жана бул жакын арада аткарылат», — деди казак президенти.