Казакстандагы митингдер. Токаев саат 7:00дө террорчулукка каршы штабдын жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 7-январда саат 7:00дө Акордада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президенттик администрациянын жетекчилиги, Коопсуздук кеңеши жана күч түзүмдөрүнүн катышуусунда террорчулукка каршы штабдын жыйынын өткөрдү.

«Өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык тартип негизинен калыбына келтирилди. Жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Бирок террористтер мурдагыдай эле курал колдонуп, жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүдө. Ошондуктан террорчулукка каршы акциялар согушчандар толугу менен жок кылынганга чейин уланат», — деди казак президенти.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.