Казакстандагы митингдер. Токаев соңку окуяларды мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракети деп атады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев соңку окуяларды мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракети деп атады. Бул тууралуу ал ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясында айтты.

«Өлкө масштабдуу жана эгемен тарыхындагы эң оор кризисти башынан өткөрдү. Мындай учурда Казакстан үчүн ЖККУ тарабынан аскердик гана эмес, моралдык колдоонун болгону маанилүү. Жылдын башынан тартып орун алган бардык окуялар бир чынжырчада жайгашкан, алар жалпы талкалоочу мааниге ээ окуяга баш ийет. Бул окуялардын даярдыгы узак убакыттан бери жүрүп келген. Уюштуруучулар башаламандыкка тынчтык митингдерин шылтоо катары колдонушкан. Бир буйрук берилгендей, диний радикалдар, белгилүү бандиттер, талоончулар жана майда бейбаштар пайда болду. Биздин мамлекетке каршы чыныгы террордук согуш болду. Террорчулардын, анын ичинде чет жерден жалданмалар катышканын ишенимдүү айта алам. Алар түнү өлүкканаларга кол салып, согушчандардын сөөгүн алып чыгып кетип жатышты», — деди казак президенти.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы окуяларды мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракети жана анын башкы максаты террорчулар тарабынан бийликти басып алуу болгонун билдирди.