Казакстандагы митингдер. Токаев террордук чабуулдун далилдерин көрсөтөм деп убадалады

Казакстанда ЖККУнун тынчтык орнотуучу миссиясынын алкагында 2 миң 30 аскер кызматкери жана 250 техника жүрөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев уюмдун кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЖККУнун күчтөрүн киргизүүнүн легитимдүүлүгү тууралуу маселелер жаралууда, бирок ал кырдаалды түшүнбөгөндөн улам келип чыгууда. «Жакынкы убакытта биз дүйнөлүк коомчулукка өлкөгө террордук чабуулду уюштуруу болгону тууралуу далилдерди беребиз. Масштабдуу террорчулукка каршы операция аягына чыгуу алдында турат. Полиция органдарына 8 миңдей адам жеткирилип, 116 курал тартылып алынды. Өлкөдө конституциялык тартип калыбына келтирилди, коопсуздук үчүн коркунуч жок», — деди ал.