Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы каза болгон кызматкерлеринин жана курсанттарынын ысымын атады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Төмөндө алгачкы 5 кызматкер тууралуу маалымат:
— Даулет Жупарбеков, 19 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара академиясынын курсанты.
— Жайык Адылкан, 22 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара академиясынын курсанты.
— Адиль Нуркенов, 29 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери.
— Андрей Кабдинов, 47 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара академиясынын кафедра башчысы.
— Дастан Эдильбай, 39 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Жамбул облусу боюнча департаментинин террорчулукка каршы борборунда бөлүм башчы.
Буга чейин Казакстандын ички иштер министрлигинен башаламандыкта каза болгон 7 полиция кызматкеринин ысымын жарыялашкан.