Казакстандагы митингдер. Улуттук коопсуздук кызматы каза болгон чекисттердин ысымын атады

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы каза болгон кызматкерлеринин жана курсанттарынын ысымын атады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Төмөндө алгачкы 5 кызматкер тууралуу маалымат:
Даулет Жупарбеков, 19 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара академиясынын курсанты.
Жайык Адылкан, 22 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара академиясынын курсанты.
Адиль Нуркенов, 29 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери.
Андрей Кабдинов, 47 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара академиясынын кафедра башчысы.
Дастан Эдильбай, 39 жашта, Улуттук коопсуздук кызматынын Жамбул облусу боюнча департаментинин террорчулукка каршы борборунда бөлүм башчы.

Буга чейин Казакстандын ички иштер министрлигинен башаламандыкта каза болгон 7 полиция кызматкеринин ысымын жарыялашкан.