Каза болгондорду зордуктаган Алматы өлүкканасынын күзөтчүсүнүн акыл эси ордунда эмес деп табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. Сот некрофилия боюнча чечим чыгарды.
Соттук териштирүүдө ал кишинин жинди экени белгилүү болду. Буга байланыштуу соттолуучу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. «Соттолуучуга карата адистештирилген психиатриялык стационарда мажбурлап дарылоо түрүндөгү медициналык мүнөздөгү чаралары колдонулсун», — деп айтылат судьянын токтомунда.
2024-жылы Алматыда некрофил кармалганын Azattyq Rıhy жазган. Маалыматка караганда, шектүү шаардык өлүккананын күзөтчүсү болуп иштеген. Аталган факты боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси «Өлгөндөрдүн сөөгүн жана алар көмүлгөн жерлерди мазактоо» боюнча кылмыш иши козголгон.
«Мендеги маалымат боюнча, ал телефонун күрөөгө коюу үчүн барган күрөөканалардын биринин кызматкерлери кылмышты ачыкка чыгарууга жардам берген. Ал күрөөгө коюп жаткан телефон өзүнүкү экенин далилдеш үчүн галереяны ачууну суранган», — деп жазган журналист Михаил Козачков соцтармакка.