Куткаруучулар 42 шахтёрдун сөөгүн тапты, дагы 5 жумушчуну издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Издөө-куткаруу иштери 55 куткаруучу тартылган. Тез жардам көрсөтүү максатында 21 дарыгер жана 7 Тез жардамдын унаасы чакырылган.
Кечээ, 28-октябрда Караганда облусунда Костенко шахтасында жарылуу болгон.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 29-октябрды Карагандадагы шахтадагы авариядан кийин улуттук аза күтүү жарыялады.