Казакстандагы шахтадагы жарылуудан каза болгондордун саны 45 адамга жетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
«Каза болгон шахтерлордун саны 45ке жетти. Бул тууралуу Республикалык куткаруу кызматынын филиалынын директорунун орун басары Геннадий Силинский тастыктады», — деп айтылат маалыматта.
28-октябрда Караганда облусунда Костенко шахтасында жарылуу болгон. Казакстанда кечээ, 29-октябрда Карагандадагы шахтадагы авариядан кийин улуттук аза күтүү күнү болду.