Алматыдагы Dostyk Plaza соода борборуна никаб жана паранжа менен кирүүгө тыюу салынды Бул тууралуу Village Kazakhstan жазат.
Соода борборунун эшигине имаратка бетин жапкан кийим кийүүгө тыюу салган чаптамалар илинди. Басылма белгилегендей, бул бетти жаап турган никаб, паранжа, балаклава жана маскаларга тиешелүү. Хиджаб жана жоолук салынгандар бетти таанууга тоскоол болбогондуктан кире берсе болот.
Маалым болгондой, соода бордордун администрациясы коомдук жайларда бети толугу менен жабылган кийимдерди кийүүгө тыюу салган 2025-жылдагы жаңы мыйзамга таянган.
«Бул чаптамалар хиджабга тыюу салбайт. Бул жүзү толугу менен жашырылган жана адамды аныктоого мүмкүн болбогон учурларга гана тиешелүү», — дешти.