Казакстандагы суу ташкыны. Аймактардагы абал кандай? (видео)

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында селге каршы иш-чараларды координациялоо жана селдин кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.

Бүгүнкү күндөгү сандар:

— 11 миң 306 адам куткарылган жана өзгөчө кырдаал болгон аймактардан эвакуацияланган. Убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 5 миң 456 адам бар.

— 7 облус суу алдында. Алар: Акмола, Актөбө, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Павлодар жана Түндүк Казакстан.

— Сел менен күрөшүүгө 7 миңден ашык адам жана 2000ден ашык техника тартылды.