Казакстандагы суу ташкыны. Жарандар куткаруучуларга ыраазычылык билдирип жатышат

Казакстандын суу каптаган аймактарынын жашоочулары куткаруучулар сел менен күрөшүүгө жардам берип жатканын көрсөткөн видеолорду бөлүшүп жатышат.

Соцтармак колдонуучулары адистерге күжүрмөн эмгеги, берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, ден соолук каалап жатышат. Казакстандыктар ошондой эле куткаруучулардын профессионалдык чеберчилиги гана эмес, табигый кырсыктарга каршы күрөштө кайраттуулугу да аларды таң калтырды.