Казакстандагы тик учакта каза болгон 4 кишинин сүрөтү жарыяланды

Кечээ, 23-февралда Батыш Казакстан облусунун аймагындагы ачык жерге Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Ми-8 АМТ тик учагы конуп жатып кырсыкка кабылган.

Маалым болгондой, тик учак «Казтрансойл» акционердик коомунун буйругу менен учкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учакта экипаждын беш мүчөсү жана бир жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен «Казавиаспас» ишканасынын төрт кызматкери каза болгон. Эки адам жабыркаган. Конуу зонасында катуу бороон болгон. 

Бүгүн, каза болгон 4 жарандын аты-жөнү жана сүрөтү жарыяланды. Каза болгондор: