Социалдык тармактарда мемге айланган 18 килограммдык торттун окуясы дале бүтө элек. Кондитер Нуршат Акбергенова менен астаналык блогер Аселина Батыр тынчтык жолу менен тил табыша албай, эми сотто жолугушууга камынып жатканын Tengri Life басылмасы жазды.
Эске салсак, торт Аселинанын иш-чарасына жасалган. Кондитердин айтымында, үстүнкү эки кабаты жегенге жарактуу, ал эми төмөнкү экөө жасалма болгон. Нуршат ишти 600 миң теңгеге баалаган, анын 440 миң теңгеси материалдарга кеткен чыгымды түзгөн.
Нуршат Акбергенова блогерге каршы арыз менен кайрылганын билдирди. «Бул ишти сот менен гана чечем деген чечим чыгардым. Дооматтын алкагында мен бул окуяга байланыштуу тарткан бардык чыгымдарымды төлөп берүүнү талап кылам. Моралдык зыяндын ордун да толтуруу каралат»,- деди ал.
Кондитер блогер ага 200 миң тенге которууга аракет кылганын, бирок ал акчаны кайтарып бергенин белгиледи.
«Эч кандай тынчтык жолу менен чечим болгон жок. Блогер байланышка чыккан да жок. Ал унчукпай эле акчасын жөнөтүп, социалдык тармактарга жазууну улантууда. Мен чыр-чатакты сот аркылуу чечүүнү пландап жатам. Бул жөн эле акчага байланыштуу эмес. Кеп анын мени элдин көзүнчө кемсинткенинде. Мен мындайга чыдабайм! Башка бирөөнүн эмгегин баалаш керек», — деди Акбергенова.
Аселина Батыр окуя боюнча өзү комментарий бербей, жактоочусу менен байланыштырган. Блогердин өкүлү Газиза Амирбекова торттун баасын көз карандысыз эксперт 250-300 миң теңге деп аныктаганын билдирди.
«Чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү үчүн биз товарды өз алдынча баалоо укугун пайдаландык, анткени тортту берип жатканда баасы айтылган эмес. Эксперттердин айтымында, товар 250-300 миң теңгеге бааланат. Тууралыгы текшерилгенден кийин кондитердин эсебине 200 миң теңге которулган. Жыйынтыгында торт 300 миң теңгеге чыкты. Бирок кондитер акчаны кайтарып берип, муну менен бизди буйрутма төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты!», — деп белгиледи адвокат.
Ал да жаңжалды мыйзамдуу жол менен чечүүгө даяр экенин билдирди.