Учактын алдыңкы бөлүгү жарылып кетти. Бул тууралуу Mash-Telegram каналына кыйраган учакта аман калган Владивостоктук туристтик агент Кристина билдирди.
«Стюардесса катуу конуу болорун эскертип, алдыңкы отургучту кармап, башыбызды ылдый түшүрүшүбүз керектигин айтты. Учак ылдыйлап бара жатканда капталдагы кыймылдаткычка канаттуулар тийгендей болгон соккуну сездим. Жерге тийгенден кийин эсимди жоготуп койдум. Өзүмө келип, бутумдун кысылып калганын көрдүм. Эптеп бошонуп салондон чыктым. Мени ошол жерден дарыгерлер тосуп алышып, дароо ооруканага жаткырышты», — деди ал.