А сен дагы эле жүрөсүң! Казакстандагы уй Vogue мода журналынын бетине чыкты (видео)

Караганды облусундагы Зойка аттуу уйдун сүрөтү жергиликтүү фотографтын аркасы менен дүйнөгө белгилүү Vogue мода журналынын бетине жарыяланды. Бул тууралуу Tengri Life жазды. 

Мода жаатындагы эң белгилүү журналы жумасына каалаган фотографтын 2 сүрөтүн алат. Эң негизгиси сүрөттө өзүнө тартып турган нерсе болушу керек.

«Алар жөн гана жылтырак сүрөттү кабыл алышпайт. Менимче, аларга сүрөттүн атмосферасы жакты. Мен аны «Кыш» деп атадым», — дейт сүрөттүн автору, фотограф-журналист Карина Кирина.

Баарынан да Карина Кирина балдарды жана жаныбарларды сүрөткө тартканды жакшы көрөт. Vogue журналы эң мыкты сүрөттөрдү фото көргөзмөлөргө жөнөтөт.