Казакстандык 70 жаштагы апа TikTok’тон акча таба баштады (видео)

Атырауда 70 жаштагы пенсионер ТикТокто аккаунт ачып, андан акча табат. Batystyn azhesi деп катталган энеге 14 миңден ашуун колдонуучу катталган. AtyrauPress апа тууралуу айтып берди. 

Хадиша Аймухамбет кызынын айтымында, ал видеолорду маанай үчүн жана бош убактысын каалагандай өткөрүү үчүн тартат. Ал түз эфирге чыгып, катталуучулар менен баарлашат. Жооп катары колдонуучулар ага жактырууларды, реакцияларды жана комментарийлерди жөнөтүшөт. Бул үчүн пенсионер TikTok социалдык тармагынан акча табат. 

«TikTok тармагына жаңы катталганда Фариза Онгарсынованын, Мукагали Макатаевдин ырларын окучумун. Бир күнү кокусунан түз эфирге чыктым. Катталуучулар көбөйдү. ТикТок менен келишим түздүм. Азыр мен айлык алам. Менин аудиториям соцтармактарды түшүнгөн жаштар. Азыр башка колдонуучулар менен баттлга чыгам, байкоолорум менен бөлүшөм, кээде кеңеш берип турам. Улуу муун муну түшүнбөй, кээде сындап да коюшат. Бирок жаштар мени дайыма колдоп турушат. Мындан тышкары, бул мен үчүн кошумча киреше», — деди пенсионер.

Хадиша апа күнүнө жок дегенде бир жолу түз эфирге чыгат. Ал өзүнө жумуш ордун да түзүп алган. Алгач ага уулу жардам берген, азыр смартфонду мыкты өздөштүрүп, видеолорду жүктөп, эфирге өз алдынча чыга алат. 

«Азыр ооруганымды да унутуп калдым. Хоббим болгондуктан ар кайсы өлкөдөгүлөр менен баарлашам. Уулум, келиним эртеден кечке жумушта. Неберелеримди карап, тамак жасап берем. Андан кийин бош убактымда ТикТокто отурам. Мен ал жакта канча убакыт өткөрсөм, алар мага ошончолук көп төлөшөт», — дейт апа.