Казакстандын полициясы мындан 25 жыл мурунку ишти тергеп жатат. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.
Маалыматка караганда, окуя Уральскта болгон. 2000-жылы ошол убакта 27 жашта болгон келин толготуп төрөтканага барган. Дарыгерлер кесарево жолу менен төрөтүшкөн. Бирок аял эсине келгенде анын ымыркайы чарчап калганын айтып, жансыз денени беришкен. Жолдошу менен чарчап калган ымыркайдын жансыз денесин жерге беришкен.
2024-жылы ноябрь айында аялга чалуу болуп, кызы тирүү экенин, учурда Америкада жашай турганын айткан. Аял АКШга баруу үчүн документ топтоп, 28-августта жолугушкан. Аялды табууга ымыркайдын колундагы бирка жардам берген.
Кылмышка төрөткананын мурдагы жетекчиси, медайым жана каттоо кызматынын кызматкери шектүү болушу мүмкүн. Бирок кыздын төрөлгөндөгү документтери жок кылынган. Аялды кызынан баш тарткан дешкен, бирок аял эч кандай документке кол койбогонун айтууда. Учурда тергөө уланууда.