«Эс-учун жоготкон айдоочу биздин унааны сүзүп кетти». Казакстандык белгилүү блогер Айжан Байзакова жол кырсыгына кабылды (видео)

Популярдуу казакстандык блогер Айжан Байзакова жол кырсыгына кабылды. Окуя тууралуу ал социалдык баракчасына жарыялады.

«Жолдо баратсак бир унаа шектүү болуп айдап баратты. Биз дароо унаабыздын авариялык жарыгын күйгүзүп чыгып, ал машинаны токтотууга аракет кылдык. Мен «Тез жардам» кызматына чалдым. Бир секунд күткөнгө да болбойт эле. Ал биз жакка айдап, унаабызды сүрүп кетти, бизди сүзүп кетүүсүнө аз калды. Айдоочуну карасак, эс-учун жоготуп коюптур. «Тез жардам» кызматы дароо келди. Айдоочунун жүрөгү кармап калыптыр. Бактыга жараша, айдоочу аман калды», — деп жазган Байзакова.