Казакстандык Данэлия Тулешова America’s Got Talent сынагында калыстардын оозун ачырды (видео)

16 жаштагы казак ырчысы Данэлия Тулешова America’s Got Talent шоу берүүсүнө катышты. Бул тууралуу Tengri Lifestyle жазды.

Ал америкалык сынактын биринчи туруна катышуу үчүн голландиялык ырчы Дункан Лоуренстин Arcade ырын тандап алган. Ал ырдап бүткөн соң, туруп кол чабышты. Немис супермодели, актрисасы жана телеалпаруучусу Хайди Клум музыканын коштоосуз анын акапелла үнүн уккусу келерин белгиледи.

Данэлия Тулешова — казакстандык ырчы, Ал 2017-жылы Украинанын «Голос. Дети» сынагына катышып, жеңүүчү болгон. 2020-жылы Тулешова Американын популярдуу америкалык таланттар шоусуна катышкан. Жаш аткаруучу 15-сезондун финалына чыккан.