Казакстандык продюсер Баян Максат кызынын атасы дүйнөдөн кайтты

Баян Максат кызынын атасы Максат Мухитденов каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу казакстандык телеалпаруучу, ошондой эле продюсердин жакын досу Динара Сатжанга таянып Tengri Lifestyle жазды. 

«Баян курбум бүгүн атасынан айрылды. Адам үчүн эң чоң жоготуу», — деп жазган Динара Сатжан. 

Максат Мухитденов 76 жашында дүйнөдөн кайтты. Каза болгон себеби айтыла элек. Баян Максат кызынын үй-бүлөсү расмий түрдө комментарий берген жок. Баян Алагузова үй-бүлөсү менен Таиландда болчу.