Казакстандык психолог аялдарга бир учурда эки күйөөлүү болууга кеңеш берди

Психолог Серикгүл Сали аялдарга бир убакта эки күйөөлүү болууга кеңеш берди. Муну ал ар бир эркек бир аялды камсыздай албастыгы менен түшүндүрөт. Адис стандарттуу эмес чечимди сунуштады – бир аял, эки күйөө. Мындан тышкары, адис кош аялдуулукка эркектерге да жол берилиши керектигин белгиледи.

«Ар бир аял экиден, эркек экиден аял ала турган мыйзам кабыл алынышы керек. Аял толук камсыз болушу керек. Мындай мүмкүнчүлүк бардык эле эркектерде боло бербейт. Ал эми эки күйөө аялга колдоо көрсөтө алат», — деди психолог.