Казак кызы Сабина Алтынбекова дүйнөдөгү эң бай волейболчулардын катарына кирди

Түркиянын Milliyet сайтынын рейтингинде дүйнөнүн эң бай 20 волейболчусуна казакстандык популярдуу Сабина Алтынбекова да ордун тапты. Ал 11-орунду ээледи. 

Анда клубдардан түшкөн каражаттар, демөөрчүлүктөн түшкөн кирешелер жана кыймылсыз мүлккө салынган инвестиция эске алынганы белгиленген.