Казакстандык туристтер яхтадан фейерверк аттырып, Грециядагы аралды өрттөп жиберишти

21-июндун кечинде 13 казакстандык турист Грециянын Гидра аралында чоң өрт чыгарды, алар анын жээгинде токтотулган яхтадан фейерверк аттырышканын ProNews порталы жазды.

Туристтер фейерверкти суу тарапка эмес, аралды көздөй аттырышкан. Алар өрттүн чыгуусуна себепкер болгонун түшүнгөндө өчүрүүгө аракет кылышкан, бирок өчүрүүгө көзү жетпей калганда алар өрт өчүрүүчүлөргө чалып, кийин из жашырышкан. Жалынды өрт өчүрүүчүлөр, ыктыярчылар өчүрүп жатышат.