Казакстандык ырчы Али Окапов элдин нааразачылыгынан улам алган сыйлыгын кайтарып бердиби?

Казакстандын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева социалдык тармактарда сындан кийин «Курмет» орденинен баш тарткан казак аткаруучу Али Окаповго байланыштуу кырдаалга комментарий берди. Бул тууралуу Tengri Life басылмасы жазды.

«Акыркы убакта коомчулук социалдык тармактарда чындап эле баарын четке кагып, бардыгын жокко чыгарууну каалап жатканы жакшылыкка алып келбейт», — деди министр. 

Министрдин айтымында, ырчы коомчулуктун кысымын эмоцияга алдырып кабыл алган. «Бул чечимди бир министрлик кабыл албайт, билесиздер. Өзүнчө комиссия карап, сыйлык берет. Ал эми баарыбыз, казакстандыктар мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошконубуз абдан маанилүү», — деди ал. 

Журналисттер ырчынын “Курмет” орденин жана башка сыйлыктарын кайтарып берген же бербегенин да сурашты.

«Жок, аны кайтарып берүүгө болбойт жана бул туура эмес. Бул жакшы прецедент эмес. Али Окапов, албетте, социалдык тармактарда болгон жек көрүүчүлүккө эмоционалдуу жооп кайтарды. Таң калыштуусу, азыр бизде эксперттер көп. Али Окапов менен сүйлөшүү болуп өттү, ал чыгармачыл адам катары аны абдан эмоционалдуу кабыл алып, азыр тынчып калды», — деп жооп берди министр.