Казак ырчысы Торегали Тореали эркиндикке чыкты. Бул тууралуу ырчынын жактоочусу Элнура Кишкенебаева өзүнүн TikTok баракчасына билдирди.
«Торегали Тореали эркиндикке чыкты. Аны колдоп, коргогон колдонуучуларга чоң рахмат! Баары жакшы»,- деп жазган ал.
14-июнда Алматыда атактуу баңгизат колдонуп Lexus үлгүсүндөгү унааны башкарып, ал патрулдук унааны сүзгөнү үчүн кармалган. Ага карата алты укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, унаасы айып короосуна киргизилген.