Казакстандык ырчы Торегали Тореалинин эркиндикке чыкканы маалымдалды

Казак ырчысы  Торегали Тореали эркиндикке чыкты. Бул тууралуу ырчынын жактоочусу Элнура Кишкенебаева өзүнүн TikTok баракчасына билдирди.

«Торегали Тореали эркиндикке чыкты. Аны колдоп, коргогон колдонуучуларга чоң рахмат! Баары жакшы»,- деп жазган ал. 

14-июнда Алматыда атактуу баңгизат колдонуп Lexus үлгүсүндөгү унааны башкарып, ал патрулдук унааны сүзгөнү үчүн кармалган. Ага карата алты укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, унаасы айып короосуна киргизилген.