Казакстандыктар 30 жылдан бери өзгөрүү болбогон көчөнүн видеосу менен бөлүшүп жатышат

Казакстандыктар Түндүк Казакстан облусунун Карагаш айылында тартылган видеону талкуулап жатышат. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Видеонун авторлору Тайынша районунун айылындагы 30 жылдан бери көчөлөрдүн бириндеги жолго асфальт төшөлбөгөнүнө көңүл бурушкан. Биринчи видео 1993-жылы тартылса, экинчиси ошол эле көчө, бирок 2023-жылы тартылган.

Tengrinews.kz кабарчысы Түндүк Казакстан облусунун Тайынша районунун акими Берик Алжанов менен байланышты. Ал видеодо кеп Карагаш айылындагы Уалиханов көчөсү жөнүндө болуп жатканын айтты.

«Эл түшүнсө керек, айыл ичиндеги жолдорду бүтүндөй бир түндүн ичинде оңдоп, көйгөйдү чечүү дээрлик мүмкүн эмес. Маселен, өткөн жылы Вишневка, Теңдик, Чермошнянка, Петровка жана Карагаш айылдарынын айрым көчөлөрү оңдолгон. Быйылкы жылы башка айылдарды, райондук жолдорду оңдоп жатабыз», — деди ал. Ал ошондой эле видеодо көрсөтүлгөн Уалиханов көчөсү буга чейин оңдолгондугун белгиледи. Анын айтымында, видео оңдоо иштерине чейин тартылган болушу мүмкүн.