Казакстандыктар ит-мышыкты жерге көмгөндүгү үчүн чоң айыпка жыгылат

Казакстандыктарга ит-мышыктарды көмгөндүгү үчүн айып пул салынарын эскертишти. Өлгөн жаныбардын жансыз денеси биологиялык калдыктар болуп саналат, ошондуктан үй жаныбарларын турак жайлардын, анын ичинде жеке үйлөрдүн короолоруна көмүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды. 

Юрист Сергей Уткин белгилегендей, «Жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жөнүндө» мыйзамдын 15-беренесине ылайык, жаныбарлардын өлүктөрү менен иштөөдө «Ветеринария жөнүндө» мыйзамдын талаптары сакталышы керек, ага ылайык биологиялык калдыктар болуп эсептелген жансыз дене жок кылынышы керек. Буга Айыл чарба министрлиги жооптуу. 

Жаныбар өлгөн учурдан тартып 24 сааттан ашпаган убакытта жеке жана юридикалык жактар ​​ветеринария жаатындагы адиске билдирүүгө милдеттүү.