Казакстандыктарга «жатакана урап, 4 студент каза болду» деген маалыматка ишенбөөгө чакырды

23-январга караган түнү Казакстанда да жер титиреди. Акыркы маалыматтар боюнча Алматыда жабыркагандардын саны 44 адамга жетти.

«Бүгүн таңкы саат 1ден баштап Алматыда жеңил жана орто даражадагы ар кандай жаракаттар менен 44 адам медициналык жардамга кайрылышкан. Ар кандай белгилер менен алар шаардык ооруканаларга жеткирилген, алардын 34ү чоңдор, 3ү ооруканага жаткырылган, 31 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Ал арада интернет колдонуучулар арасында Алматыдагы Аль-Фараби көчөсүндө жайгашкан эски жатакана урап калганын, кесепетинен 4 студент каза болгонун жазышууда. Илим жана жогорку билим берүү министрлиги Алматыдагы студенттик жатаканалардын абалы туруктуу экенин билдиришти. «Университеттин бир дагы жатаканасы жабыркаган жок. Ошондой эле студенттерде баары жакшы. Жалган маалыматка ишенбөөнү жана таратпоону суранабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ жалган маалымат тараткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.