Акмоло облусунда чоң жолдо 40тай унаа кагышты. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды. Маалыматты аймактык полиция департаментинин басма сөз кызматы тастыктады.
«Саат 13:30да Акмоло облусунда, Биржансал районунун Когам айылы менен Каратал айылынын ортосунда аба ырайынын начарлашынан (бурганак, көрүнүүнүн чектелишинен) 40ка жакын автоунаа кагышкан. Жабыркагандар жана жабыр тарткандар боюнча азырынча маалымат жок», — деп билдиришти департаменттен.
Бул жерде полиция жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат. Автоунааларды эвакуациялоо жана жол коопсуздугун камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин тез жардам кызматы аймакта аба ырайынын начарлашы мүмкүндүгүн эскерткен. Буга байланыштуу бардык айдоочуларга, өзгөчө шаар четиндеги трассаларда жүрүүдөн баш тартуу сунушталган.
Катуу бороондон улам Астана — Щучинск трассасы саат 12:00дөн тарта жабылды.
Орусиянын укук коргоо кызматкерлери 2 жашар уулуна баңгизат сайып жүргөн Челябинск облусунун 31 жаштагы тургунун кармады. Бул тууралуу Тергөө комитетинен...
Казакстандын ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов Талгар шаарында өспүрүм Шерзат Болаттын өлтүрүлүшү боюнча иш сотко өтөрүн билдирди. Бул...
Люксембургдун ханзаадасы Фредерик сейрек кездешүүчү генетикалык оору менен узакка созулган күрөштөн кийин 22 жашында каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. ...
Алматы аэропортунда барымтадагы адамды куткарып калган казакстандык Муса Абдраим куткарылган кыз менен жолугушту. Бул тууралуу "Тенгри" жазды. "Бүгүн карындашым менен...
Нью-Йорк штатынын губернатору Кэти Хокул Лонг-Айлендде өзгөчө кырдаал режими жарыялады. Буга токойлуу аймактарда чыккан өрт себеп болгон. Катуу шамалдын натыйжасында...