Казакстандын Акмоло облусундагы Астана-Щучинск трассасында кагылышкан унаанын саны 95ке жетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz «Казавтожол» улуттук компаниясынын маалыматына таянып жазды.
Жолчулардын түшүндүрмөсүндө, республикалык маанидеги Астана-Петропавловск автожолунун тилкеси аба ырайынын начарлашынан улам таңкы саат 07:20да жабылган болчу.
Аба ырайы жакшырып, жол тазалангандан кийин саат 12:30да Щучинск тарапка кыймыл ачылып, полиция департаментинин кызматкерлери жана атайын техника менен унааларды коштоп бараткан.
«Бирок айдоочулар ылдамдык режимин жана коопсуз аралыкты сактабагандыктан Жанаталап айылынын аймагында 95тей унаанын катышуусунда массалык кагылышуу болгон», — деп билдиришти «Казавтожолдон».
Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана «Казавтожолдун»адистери иштеп жатышат. Бир тилкеси тазаланып, иштеп жаткан унаалар кыймылдай баштады. Жеринде 22 комбинацияланган жол машиналар жана 2 трактор иштеп жатат. Азыркы учурда жолдун аталган участкасындагы жол кыймылы бардык транспорт каражаттары үчүн кайрадан чектелген. Жол кызматтары күнү-түнү иштешет.
Буга чейин 40 унаа массалык жол кырсыгына кабылганы маалымдалган. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.
Посмотреть эту публикацию в Instagram