Казакстандын аскердик кампасында жарылуу болду (видео)

Жамбыл облусунда жарылуу катталды. Казакстандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, аскердик кампасында өрт чыккан. 

«Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө саат 19:00 чамасында кампалардын биринин жанында өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен белгисиз нерсе жарылган. Учурда өрт өчүрүү аракеттери көрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта. 

Маалым болгондой, өрттүн булагын өчүрүү иштери улантылууда. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. «Окуя болгон жерге министрдин орун басары генерал-лейтенант Руслан Шпекбаевдин жетекчилиги астында Коргоо министрлигинин комиссиясы жөнөтүлдү», — деп кошумчаланат маалыматта.