Казакстандын бир катар аймактарында кургакчылык күтүлүүдө

Казгидромет метеорологиялык кызматы 8-июлда июль айындагы кургакчылык боюнча болжолдуу маалыматын жарыялады.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, жаан-чачындын дефицити Акмола облусунун Коргалжын районунда, Актөбө облусунун Айтекеби жана Хромтау райондорунда, Алматы облусунун Алакөл районунда, Караганды облусунун Нурин жана Каркаралы райондорунда, Амангелди жана Жангилдин райондорунда, Мангистау облусунун Бейнеу аймагында жана Кызылорда облусунун көпчүлүк аймактарында күтүлөт. 

«Кызылорда облусунун Кармакшы районунда жана Мангыстау облусунун Каракия районунда кургакчылык күтүлөт. Казакстандын калган аймактарында нымдуулук нормага жакын болот, ал эми Атырау, Актөбө, Алматы, Батыш Казакстан облустарынын айрым аймактарында оптималдуу болот», — деп айтылат маалыматта.