“Казакстандын жери Орусиянын берген белеги”. Орус депутатына Астана эмне деп жооп берди?

“Казакстан деген жок болчу, түндүгүндө жашаган эл да болгон эмес. Дегеле Казакстандын аймагы – бул Орусиянын жана Советтер союзунун берген чоң белеги”. Мындай сөздү Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Вячеслав Никонов берүүлөрдүн биринде айткан.

Буга байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги нота жиберди. Анда “Казакстанга карата айрым орусиялык саясатчылардын чагымчыл билдирүүлөрү союздук мамилеге олуттуу зыянын тийгизет. Мындан ары бул сыяктуу билдирүүлөргө жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууга чакырат” деп жазылган.