Казакстандын кайсы шаарларында митингдер өтүп жатат? Карта

Бүгүн, 4-январда коңшу Казакстандын бир катар шаарларында митингдер өтүп жатат. Аларды картадан көрсөңүз болот. Соңку сааттарга карата айрым шаарларда митингдин катышуучуларын кармоо башталды.


Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу.