Казакстандын калкы 20 миллионго жетти

Казакстанда 20 миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев билдирди.

«Казакстандын калкы 20 миллионго жетти! Мекендештеримди бул маанилүү окуя менен куттуктайм! Бактылуу үй-бүлө – улуттун бакубаттуулугунун жана өлкөнүн туруктуу прогрессинин негизи. Мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, энеликти жана баланы коргоо боюнча иштерди улантат», — деп жазды мамлекет башчысы.

Улуттук статистика бюросу кабарлагандай, беш бала Казакстандын 20 миллионунчу жараны болду. Алар 14-ноябрда төрөлгөн. 20 миллионунчу жарандын туулган күнү бардык демографиялык маалыматтарды эске алуу менен аныкталган.