Ат менен төөлөр картон жеп… Казакстанда кургакчылыктан мал кырылууда (видео)

Казакстандын Мангистау облусунда кургакчылыктан улам малчылар малды картон менен багууга аргасыз болушууда. Бул боюнча Казакстандагы жергиликтүү маалымат каражаттары төөлөргө жана жылкыларга картон кагаз менен жедирген видеолорун жарыялап жатышат.

“Мангистауда жылкыларга гана эмес, төөлөргө да картон бериш керек. Мал ушинтип аман калат”, — дейт ошол жактын жергиликтүү тургуну. Ветеринардык дирекциянын маалыматы боюнча, май айынын аягында эле аймакта 1100 жылкы кургакчылыктан өлгөн.

Аталган облуста көптөн бери жаан-чачын болбой, жайыттар куурап, мал-жандыкка бергенге жем жок болууда. Мындай абалда малчылар чыгымга учурап, чиновниктерден жардам сурап жатышууда. Акимчилик учурда мал-жандын тоюту Актөбө облусунан алынып келип жаткандыгын билдирген.