Казакстанда дүйнөнүн саналуу гана өлкөлөрүндө бар тоголок таштар талкаланып жатат

Казакстандын Мангыстау аймагындагы Торыш өрөөнүндө өзгөчө тоголок таштар талап-тоноочулар тарабынан тонолуп, талкаланууда. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Маалыматта «мындай өзгөчө табигый «шарлар» дүйнөнүн саналуу гана өлкөлөрүндө бар» деп жазылат.

«Тилекке каршы, Торыш өрөөнүндөгү өзгөчө «шарлар» сыяктуу жаратылыш кооздуктарына кайдыгер мамиле жасалгандыктан, аларды мародёрлор талкалап, уурдап кетишет. Кээ бир кафе, ресторандардын ээлери, колунда бар жарандар бул таштарды короолоруна кооздук катары колдонушат”, — деген депутат Бекбол Орынбасаров.