Казакстандын президенти өрттүн кесепетинен каза болгон 5 бир туугандын окуясын өлкөнүн трагедиясы деп атады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев батирден чыккан өрттүн кесепетинен көз жумган беш бир туугандын окуясын өлкө трагедиясы деп атады. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунун Жанатас шаарында 19-февраль күнү көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыккан. Үйдүн ичинде 1, 2, 4, 5 жана 6 жаштагы бөбөктөр (экөө уул, үчөө кыз) чоңдордун көзөмөлүсүз калган. Кырсыктын кесепетинен балдар иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, сактап калууга мүмкүнчүлүк болбой, бешөө тең көз жумган.

«Мамлекет башчы Абдумаликовдордун үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшөт, балдардын жакындарына кайрат айтат. Президент бул окуя бир үй-бүлөнүн эле эмес жалпы өлкөнүн трагедиясы деп эсептейт. Ал ата-энесине ар тараптан жардам көрсөтүүгө буйрук берди», — деп билдирген Токаевдин маалымат катчысы.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт чыккан маалда балдардын атасы жумушта болгон, ал эми апасы дүкөнгө чыгып кеткен. Өрт балдар отурган бөлмөдөн чыгып, шейшеп сыяктуу материалды күйгүзгөндүктөн жалын тутанган. Бөбөктөрдүн бири да күйүк алган эмес, баары иске ууланып эсин жоготкон. Коңшусу балдардын апасын чакыргандан кийин 10-15 мүнөттүн аралыгында келген.

Ошондой эле батир борбордук жылытуу системасына кошулгандыктан, өрт электр жылыткычтан чыкты деген версия четке кагылган.