Казакстандын тегирменчилери тартыштыктан улам буудайдын экспортун чектөөнү сурап жатышат

Казакстандын тегирменчилери тартыштыктан жана ички рынокто баанын көтөрүлгөнүнөн улам буудайдын экспортун чектөөнү, ошондой эле запаска инвентаризация жүргүзүүнү сурап жатышат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Данды кайра иштетип чыгуучулар союзунун вице-президенти Талгатбек Алихандын айтымында, буга чейин ички рыноктогу баа Орусиядан бир топ арзан буудайды алып келүү эсебинен кармалып келген. Бирок Орусия буудайдын экспортуна толугу менен тыюу салгандан бери Казакстандагы тегирмендерн ишин токтото баштаган. Ал ошондой эле базарда буудайдын жок болуп жатканынан улам ундун баасы бир топ кымбаттай турганын айткан.

Аталган өлкөдөгү тегирменчилердин билдирүүсүнө ылайык, запас 1-1,5 аптага жетерлик калган. Андан кийин алардын иши белгисиз мөөнөткө токтойт. Мындай абалга алар соңку эки аптада кептелген. Костанай облусунда учурда тегирмендердин жарымынан көбүндө иш токтогон, Карагандада да ушундай эле көрүнүш, Түндүк Казакстан облусу, Павлодар, Алматыда тегирмендердин көбү иштебей турат.

1-апрелде Казак өкмөтү 1 миллион тонна буудай жана 300 миң тонна унду экспорт кылууга 1-июнга чейин чектөө киргизүү чечимин кабыл алган.