Казакстандын түндүгүндө чагылган түшүп, чабан жылкысы менен жан берди

Казакстандын түндүгүндө чагылган түшүп, чабан менен жылкы өлдү. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.

Ички иштер министрлиги маалымдагандай, Түндүк-Казакстан облусунун талаасынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу маалымат 25-майга караган түнү облустун Аккайын районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

«Аккайын районунун Дайындык жана Ленинское айылдарынын ортосунда эркек кишинин жансыз денеси жана жылкысы табылды. 31 жаштагы жаран жайлоодо мал багып, чабан болгон. Ага чагылган тийгени аныкталды. Эркек жана анын аты ошол жерде каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.