Казакстанга кирүү тартиби өзгөрдү

Казакстанда мамлекеттик чек арадан өтүү тартиби өзгөртүлдү. Бул тууралуу Казакстандын чек ара коопсуздук комитетинин сайтына жарыяланды.

Негизинен чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жок адамдарга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынды. Бирок төмөнкү категориядагы адамдарга уруксат берилет:

Ошондой эле казак жарандарына дагы сыртка чыгууга чектөөлөр коюлду. Алар 30 күндүн ичинде бир гана жолу өлкөдөн чыгып, кайра кире алат.

Бул эрежелер өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин сакталат.