Алматынын тургуну үйүндө арстандын беш айлык болгон эки баласын мыйзамсыз багып жүргөн. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 4-майда Алматы облусунун Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө сейрек кездешүүчү жаныбарларды, тактап айтканда, арстандын эки баласын мыйзамсыз багып жүргөн 2001-жылы туулган жаран аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш ишин тергөөнүн толук жана ар тараптуу болушун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.