Татарстандагы мектепте өлтүрүлгөндөрдүн арасында 25 жаштагы мугалим бар

Казандагы №175 мектепте болгон ок атышуудан курман болгондордун арасында 25 жаштагы англис тили мугалими Эльвира Игнатьева дагы болгон, ал эки айдан кийин 26 жашка чыкмак. Бул тууралауу РЕН ТВ жазып чыкты.

Мугалим мектептин коридорундагы ызы-чууну угуп, абалды текшерүү үчүн чыгып, мылтыктын огунан каза болгон. Билим берүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн айтымында, Игнатьева 5-класска англис тилинен сабак берип келген. 2018-жылы «Жылдын мыкты мугалими» сынагында экинчи орунду ээлеген.

Игнатьева Казань Федералдык Университетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Мугалимдин социалдык тармактардагы сүрөттөрүнүн көпчүлүгү жашоонун жеңилдиги, сүйүктүү жумушу жана учурдун маанилүүлүгү жөнүндөгү сөздөр менен коштолгон. Жумуштан тышкары Эльвира Игнатьева спортко жакын болчу. Ошондой эле ал жигердүү жашоо позициясы менен айырмаланган.

Мугалим Instagram баракчасынын колдонуучусу болчу. Анын акыркы билдирүүсүн беш күн мурун жарыялаган.

Кечээ, 11-майда Татарстандын Казань шаарында жайгашкан №175 мектеп-гимназиясында ок атуу жана жардыруу болгон. Маалыматтарга карганда, ок 19 жаштагы өспүрүм тарабынан чыгарылган жана ал колго түшүрүлгөн. Ок атуудан 1 мугалим жана 8 окуучу каза болуп, 10 адам жаракат алганы айтылган.