Татарстандагы мектепте кол салуудан каза тапкандар жерге берилүүдө

Бүгүн, 12-майда Татарстанда аза күтүү күнү жарыяланды. Таң эртеден Казань шаарындагы башкы өлүкканада маркумдардын сөөгүн алып кетүү үчүн бир нече автоунаа тизилип турду. Мектепте набыт болгондордун көпчүлүгү мусулмандар болгондуктан алар бүгүн жерге берилди. Каза тапкандардын баарынын акыркы сапарга узатуу зыйнатын бийлик өз моюнуна алган. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазышты.

Кечээ, 11-май күнү аталган өлкөнүн борбор калаасында жайгашкан №175 мектеп-гимназиясында ок чыгарылган. Андан 7 окуучу, 2 чоң киши көз жумду. Мындан тышкары 20дан ашуун адам ооруканага жеткирилген.

Ок чыгарган киши ушул эле мектептин бүтүрүүчүсү 19 жаштагы Ильназ Галявиев аттуу жаран экени маалымдалды. Ал мектептин имаратына куралчан кирип, окуучуларды жана мугалимдерди көздөй ок чыгарган. Ага таандык мыйзамдуу куралы бар экендиги аныкталды. Кол салган адам колго түшүрүлүп, тергөөдө ал өзүн эки ай мурда «Кудай» экенин сезгенин айтып берген. Тергөөчүлөр мурда-кийин мыйзам менен маселеси болбогон жигит мындай кадамга эмнеге барган деген суроого жооп издешүүдө.

Кол салуу болгон мектептин дарбазасына илинген жазуулардын бири.