Кечээ, 22-мартта кечке маал Орусияда доллар 1,33 пайызга кымбаттап, 75 рубль 9 тыйындан сатылды. Бир доллардын кунунун 75 рублдан өйдө көтөрүлүшү февраль айынан бери каттала элек болчу.
Эксперттер рублдун долларга карата алсызданышын АКШнын Орусияга карата киргизе турган санкцияларына байланыштырып жатышат. Жалпысынан алганда, марттын аягына чейин доллардын куну 76 рублга жетери болжолдонууда.
Буга чейин Жо Байден ABC News телеканалына «Москва былтыр Америкада өткөн президенттик шайлоого аралашканы үчүн жооп бериши керек» деп билдирген. Америка лидеринин мындай билдирүүсүнөн кийин рублдун доллар менен еврого карата куну кескин түшүп баштаган.
Ошондой эле 17-мартта АКШнын Соода министрлиги оппозициялык маанайдагы саясатчы Алексей Навальныйдын айланасындагы кырдаалга байланыштуу Орусияга экспорттук чектөөлөрдү кеңейте турганын айтып коркуткан.