Кейт Миддлтон BAFTA сыйлыгына арзан сөйкө тагынып барганы талкууга түштү

Ханбийке Кейт Миддлтон 18 фунтка (1900 сом) Zara сөйкөлөрү менен Британ академиясынын BAFTA кино сыйлыгынын кызыл килемине чыкты. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Сөйкөлөр Кейт Миддлтондун 2019-жылы ошол эле иш-чарага кийген ак Alexander McQueen көйнөгүн толуктаган. Бирок бул жолу көйнөгү бир аз өзгөртүлгөн.