Кейт Миддлтон химиотерапияны аяктаганын билдирди

Ханбийке Кейт Миддлтон кечээ, 9-сентябрда химиотерапияны аяктаганын жана жыл аягына чейин кызматтык милдеттеринин бир бөлүгүнө кайтууну пландап жатканын билдирди. Ал ошондой эле толугу менен калыбына келүү узак болорун айтты. 

«Жай аяктап бара жатат, химиотерапияны аяктоо кандай сонун сезим экенин сөз менен жеткире албайм. Акыркы 9 ай биздин үй-бүлө үчүн абдан оор болду. Жашоо бат эле өзгөрүшү мүмкүн жана биз бул кыйынчылык менен күрөшүүнүн жолун табышыбыз керек болду», — деп жазды ал.

Кейт Миддлтон жылдын аягына чейин бир нече коомдук иш-чараларга катышат деп күтүлүүдө.