Кейт Миддлтондун рак менен ооруп, дарыланып жатканы маалым болду

Кейт Миддлтон рак оорусунан дарыланып жатат. Кенсингтон аксарайы ал азыр алдын алуучу химиотерапиянын алгачкы баскычтарынан өтүп жатканын жарыялады.

Ханбийкенин шишиги 2024-жылдын январында операция жасалгандан кийин жасалган анализдердин жүрүшүндө табылган. Шишиктин түрү айтылган жок. Кейт химиотерапияны февралдын аягында ала баштаган. Ал видеокайрылуу жаасап, оору чоң нес жаратканын билдирди.